Бишкек – Ош унаа жолунда кар көчкүгө каршы галереяны куруу уланууда

Бишкек – Ош унаа жолунда кар көчкүгө каршы галереяны куруу уланууда. Министрлер кабинетинин маалыматына ылайык, учурга карата иштердин 85 пайызы аткарылды.

 

Атайын өтмөктүн жалпы узундугу 460 метрди түзсө, кеңдиги 7 метрге жетет. Объект колдонууга кийинки жылы берилет деп пландалууда. Андан кийин аткаруучу компания бир жыл бою гарантиялык кепилдиктин алкагында тейлөө жүргүзөт.