Кыргызстанда сууга түшүү сезону башталды

Кыргызстанда сууга түшүү сезону башталды. Буга байланыштуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги суудагы эрежелерди эскертет. Куткаруучулардын айтымында, атайын белгиленбеген жерлерде сууга түшүүгө тыюу салынат.

 

Пляжда спирт ичимдиктерин ичип, сууга мас абалында түшүүгө болбойт.  Башкысы, балдарды суу жээгинде кароосуз калтырбагыла, — дешет куткаруучулар.