Бишкекте Акыркы коңгуроону кафе-ресторандарда майрамдоого тыюу салынат

Бишкекте Акыркы коңгуроону кафе-ресторандарда майрамдоого тыюу салынат. Бул тууралуу мэрия эскертет. Муниципалитет маалыматына ылайык, ордо калаанын бардык мектептеринде бүгүн акыркы коңгуроо иш-чарасы өтөт.

 

Буга байланыштуу кафе-ресторандарда иш-чараларды өткөрүүгө, ошондой эле сейил бактарда сейилдөөгө, жаратылышка, суу сактагычтарга чыгууга тыюу салынат. Тартипти аткарбагандарга катуу чара көрүлөт.

 

Ал эми мектептеги иш-чара аяктагандан кийин жоопкерчилик ата-энелерге жүктөлөт.