Кытайда эркек мурдагы сүйүктүүсүнө ага короткон акчаны толугу менен кайтарып берүүнү талап кылды

Кытайда эркек мурдагы сүйүктүүсүнө ага короткон акчаны толугу менен кайтарып берүүнү талап кылды. Анын айтымында, кыз ага 9 миң доллар төлөп бериши керек.

 

Шанхайдын тургуну атайын документ ачып, ага бардык чыгашасын жазып койгон. Анда чыгашанын датасы, убактысы, суммасы жана багыты көрсөтүлөт. Эркектин пикиринде кыз толугу менен сумманы төлөп берүүгө милдеттүү. Ал эми анын мурдагы сүйүктүүсү буга кандай реакция бергени такталбайт.