Тоң районунда жаңы бала бакча курулууда.
Жергиликтүү бийликтен билдиришкендей, имараттын курулушу толугу менен Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фонду тарабынан каржыланып, жалпы тендерлик баасы 43 миллион сомду түздү.
Ак-Өлөң айылындагы бала бакча эки кабаттан туруп, 100 бөбөккө чакталган. Курулушту 2023-жылы аяктап, пайдаланууга берүү пландалууда.