Данияр Мырзабаев «Ошэлектрдин» башкы директору болуп дайындалды

Данияр Мырзабаев Директорлор кеңешинин чечими менен «Ошэлектр» ААКнын башкы директору болуп дайындалды.

Ишканадан билдиришкендей, Мырзабаевди компаниянын Директорлор кеңешинин мүчөлөрү эмгек жамаатка жана РЭТ жетекчилерине тааныштырып, жаңы жетекчиге «Ошэлектр» ишканасынын өнүгүүсүнө жигердүү салым кошууга тилектештигин билдирип, ийгилик каалашты.

Эске салсак, «Ошэлектр» ААКнын мурунку башкы директору Медетбек Жумаев «Кыргызстан улуттук электр тармактары» ААКнын башкы директору болуп дайындалган.