Ички иштер мнистрлиги жарандарды сууга түшүүдө коопсуздук чараларын сактоого чакырат. Ведомстводон белгилешкендей, бейтааныш жерде, көпүрөлөрдүн алдынан сүзүүгө, тереңдигин билбей туруп, сууга секирүүгө, тосулган жерден ашып чабак урууга, кайык – катамаран сыяктуу сүзүүчү каражаттарга жакындоого болбойт.
Пляжда спирт ичимдиктерин ичип, сууга мас абалында кирүү дагы сунушталбайт.
Сууга түшүп жаткан балдарга үзгүлтүксүз көзөмөл жүргүзүү керек, — дешет адистер.