Кыргызстанды өнүктүрүү боюнча Координациялык кеңеш түзүлдү

Кыргызстанды өнүктүрүү боюнча Координациялык кеңеш түзүлдү. Тиешелүү токтомго министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

 

Документ инвестициялык климатты жакшыртууга, инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууда натыйжалуулукту жогорулатууга жана мамлекеттик колдоо көрсөтүүгө багытталган.

 

Министрликтерге, мамлекеттик администрацияларга жана коммерциялык банктарга Координациялык кеңешке колдоо көрсөтүү боюнча тапшырмалар берилди.