Кыргызстан мектептеринде бүтүрүү кечелерин уюштурууга тыюу салынат

Кыргызстан мектептеринде бүтүрүү кечелерин уюштурууга тыюу салынат.   Билим берүү министрлигинин буйругуна ылайык, аттестат тапшыруу салтанаттуу иш-чарасы гана билим берүү органдарынын, ата-энелердин катышуусу менен өтүшү керек.   Буйрукту аткарбаган мектеп жетекчилерине дисциплинардык жоопкерчиликтен тартып кызмат ордунан бошотулганга чейинки чара көрүлөт.   9-11-класстын бүтүрүүчүлөрүнө аттестат тапшыруу аземи… Кененирээк…

Афганистандагы жер титирөөдөн кыргызстандыктар жабыркаган жок

Афганистандагы катуу жер титирөөдөн каза болгондордун жана жабыркагандардын арасында Кыргызстандын жарандары жок. Бул тууралуу элчилик кабарлаганын Тышкы иштер министрлиги билдирди. «Афганистандын табигый кырсыктарды башкаруу министрлигинин маалыматы боюнча, окуянын кесепетинен 1000дей адам каза болуп, 600дөн ашууну жаракат алган», — деп айтылат маалыматта. Бүгүн, 22-июнда, Афганистанда магнитудасы… Кененирээк…

Парламент кумаркана мыйзамын талаш-тартыш менен кабыл алды

Жогорку Кеңеш 22-июндагы жыйынында Кыргызстанда чет өлкөлүктөр үчүн казинолордун иштөөсүнө уруксат берген мыйзам долбоорун колдоду. Бирок документтин кабыл алынышы талаш-тартыш менен коштолуп, “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын депутаттары добуш берүүдөн баш тартып, ага бөгөт койду.   Жогорку Кеңештин регламентинде каттоодон өтүп, бирок депутаттар добуш бербей койгон учурда абалдан… Кененирээк…