Кыргызстанда пайызсыз насыя 3 млн сомго чейин бериле баштайт

Кыргызстанда пайызсыз насыя 3 миллион сомго чейин бериле баштайт.

Каржы министринин орун басары Руслан Татиков билдиргендей, “Чакан, кичи жана орто ишканаларды тез арада колдоо” долбоорунун алкагында үстөксүз кредиттердин максималдуу өлчөмү көбөйтүлөт.

Ал эми кайтаруу мөөнөтүн болсо үч жылга чейин узартуу пландалууда.

Эске салсак, мурда насыялар 18 жылга берилип келген.