Кыргызстанда маймыл чечеги менен ооругандар катталган жок

Кыргызстандын аймагында жана коңшу өлкөлөрдө маймыл чечеги менен ооругандар катталган жок.

Бул тууралу Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинен билдиришти.

Ведомствонун маалыматына караганда, Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан маймыл чечегин алдын алуу боюнча тийиштүү чаралар көрүлүүдө.

Ошондой эле медициналык кызматкерлердин арасында кызамык жана дене табынын кескин көтөрүлүүсү, оорунун учурларын иликтөө жана аныктоо боюнча дарыгерлердин кесипкөйлүгүн көтөрүүчү окутуулар өткөрүлүүдө.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму азырынча пандемия жарыялоого коркунуч жок деп билдирди.