Боом капчыгайында сел жүрдү.
Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришкендей, жол бир тарапту гана ачык.
Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 121-чакырымында учурда жол кызматтары иштеп жатат.
Ошондой эле, селден улам Кемин-Шабдан-Көк-Ойрок жолунда каттамдар жабылып жатканы айтылды.
Тазалоо иштери жүрүүдө.