ТүркПА Түрк мамлекеттеринин Парламенттик ассамблеясы болуп өзгөрдү.
Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик ассамблеясына мүчө өлкөлөрдүн парламенттеринин башчылары уюмдун 11-пленардык жыйынынын жүрүшүндө ТүркПАнын аталышын Түрк өлкөлөрүнүн Парламенттик ассамблеясы деп өзгөртүү чачимин кабыл алышты.
Ошондой эле, уюмдун жаңы желеги жана логотиби кабыл алынды.
Эске салсак, кеңештин отуруму бүгүн Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында өттү.
Кийинки жыйын 2023-жылы Түркияда болот.