Курман айттын болжолдуу датасы белгилүү болду

Кыргызстанда Курман айт 9 же 10-июлда белгиленет.

Бул тууралуу Мусулмандардын дин башкармалыгынан билдиришти.

Майрамдын так датасын муфтият кийинчерээк жарыялайт.

Белгилеп кетсек, Курман айт орозо аяктагандан кийин жетимишинчи күнгө туш келет.

Бул күнү мусулмандар курмандык чалып, эттин көбүн кедей-кембагалдарга таратып бериши керек.