Бишкекте Сухэ-Батор көчөсүнүн оңдолгон бөлүгү унаа кыймылы үчүн ачылды.
Мэриянын маалыматына караганда, жаңы тилке Каралаев менен 7-апрель көчөлөрүн бириктирет.
Бул Ахунбаев көчөсүндөгү тыгындардын алдын алат деп божомолдонууда.
Ошондой эле Сухэ-Батор көчөсүндө 9 баллга чейинки сейсмикалык силкинүүгө туруштук бере ала турган эки жаңы көпүрө курулганы белгиленди.
Курулуш иштери Кытай грантынын эсебинен жүргүзүлдү.