Евразия банкы Ысык-Көлдөгү күн электр станциясына 40 млн доллар бөлөт
Ысык-Көлдө кубаттуулугу 300 мегаватт болгон өлкөдөгү биринчи “Тору-Айгыр 2022” күн электр станциясынын курулушу башталды. Долбоордун биринчи этабын Евразия өнүктүрүү банкы каржылап, бул үчүн 40 миллион доллар бөлөт. Аталган күн электр станциясы жылына 600 миллион киловатт-саат электр энергиясын иштеп чыгарат деп болжолдонууда.