Бишкек шаардык мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы эки имаратты бузууга тендер жарыялады.
Мамлекеттик сатып алуулар порталында маалымдалгандай, алардын бири Орозбеков көчөсүндө жайгашкан Башкы прокуратуранын мурдагы имараты жана Жибек-Жолундагы ден соолукту чындоо комплексинин кеңсеси.
Башкы прокуратуранын имаратын бузууга — 7 миллион сомдон ашык, ал эми ден соолукту чыңдоо комплексинин имаратын бузууга — 4 миллион сомдон көп каражат каралган.
Сынакка 7-июлга чейин арыз берүү керек.