Бишкектеги Ботаникалык бакта ирригациялык система жаңыртыла баштады

Бишкекте жайгашкан Борбор Азиядагы эң чоң Ботаникалык бакта ирригациялык система жаңыртыла баштады.

Бул маселе 50 жылдан ашык убакыттан бери чечилбей келген.

Оңдоп-түзөөгө өкмөттөн 115 миллион сомдон ашык бөлүндү.

Бул каражатка бакчага ачык арыктардын ордуна жер астындагы түтүктөр тартылат.

Мындан тышкары, сууну үнөмдөө үчүн тамчылатып сугаруу системасы жана үч суу сактагыч ишке киргизилет.