Голливуддагы эң көп маяна алган актрисалардын рейтинги түзүлдү

Британиялык Daily Mail гезити акыркы 12 айда Голливуддагы эң көп маяна алган актрисалардын рейтингин түздү. Рейтингдин башында 32 жаштагы актриса Марго Робби турат. Ал мындай статуска Барби тууралуу Грета Гервигдин тасмасына тартылып, 12,5 миллион доллар гонорар алгандан кийин ээ болду. Фильм 2023-жылы жарыкка чыгат. Экинчи… Кененирээк…

Ысыкка байланыштуу айдоочуларга алыскы сапарга чыкпай туруу сунушталат

Ысыкка байланыштуу айдоочуларга алыскы сапарга чыкпай туруу сунушталат. Адистер билдиришкендей, ысыкта айдоочулар бат чарчап, ою чачыранды болуп, реакциясы кыйла начарлайт. Милициянын кайгуул кызматы мунун баары кырсыктын ыктымалдуулугун жогорулатат деп эскертет. Буга чейин маалымдалгандай, бүгүн, эртең жана бүрсүгүнү Кыргызстанда абанын табы 40 градустан жогору болот

Бүгүн колледждерге кабыл алуунун 1-турунун жыйынтыгы чыгарылат

Бүгүн колледждерге абитуриенттерди кабыл алуунун 1-турунун жыйынтыгы чыгарылат. Билим берүү министрлигинен билдиришкендей, 2-тур 27-июлда, үчүнчү тур 12синен 19-августка чейин өткөрүлөт. Документтерди электрондук түрдө кабыл алуу “Абитуриент Онлайн” автоматташтырылган маалыматтык тутумунда жүргүзүлөт.

Рублдин бекемделиши Россиядан Кыргызстанга импортту кыскартышы мүмкүн

Рублдин бекемделиши Россиядан Кыргызстанга импорттун кыскарышын шарттап, айрым товарларга баанын өсүшүнө алып келиши мүмкүн. Бул тууралуу Евразия өнүктүрүү банкынын баяндамасында айтылды. Серепчилердин айтымында, жыл башынан бери сом рублга карата 14 пайызга арзандады. Ушундай эле жагдай ЕАЭБдин бардык өлкөлөрүндө байкалды: казак теңгеси рубльга карата 30 пайызга,… Кененирээк…

Индиянын тарыхында экинчи жолу аял президент болду

Индиянын тарыхында экинчи жолу аял президент болду. Шайлоодо Улуттук демократиялык альянстын талапкери Драупади Мурму жеңди. Мурму штаттардын жана аймактардын парламенттеринин жана жергиликтүү ассамблеяларынын мүчөлөрүнүн ичинен шайлоочулардын 64 пайыз добушуна ээ болду, анын атаандашы оппозициячыл Яшвант Синха үчүн 36 пайыз добуш берилди. Мурму азыркы президент Рам… Кененирээк…

Ат-Башы районунда эфир майын чыгарган ишкана ачылды

Ат-Башы районунда эфир майын чыгарган ишкана ачылды. Анын алкагында 10 жаңы жумуш орду түзүлдү, – деп билдиришти президенттин Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнөн. Маалыматка ылайык, сезон убагында бул жерде жумушка 35 адам тартылат. Ишканада 30га жакын чөптүн түрү, 10 чөптүн жыйындысы чыгарылып, дары чөптөрдүн уруктарынан эфир майы… Кененирээк…

Pfizer вакцинасы Кыргызстанга бир жумадан кийин келет

Pfizer вакцинасы Кыргызстанга бир жумадан кийин келет. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, бул жолу 1 миллиондон ашык доза сатып алынат. Эске салсак, аталган вакцина буга чейин түгөнүп калганы жарыяланган. Учурда жарандар “Синофарм” вакцинасы менен эмдөөдөн өтө алат. Ал 2023-жылга чейин жетиштүү.

Таласта кийим тиккен ири цех курулат

Таласта кийим тиккен ири цех курулат. Шаардык муниципалдык менчик башкармалыгы учурда бул боюнча тендер жарыялады. Мамлекеттик сатып алуулар порталында маалымдалгандай, пландалган сумма 83 миллион сомдон ашат. Тендердик табыштамаларды берүүнүн акыркы мөөнөтү 5-август күнү эртең мененки саат 9да аяктайт. Белгилеп кетсек, фабрика ишке берилсе 1000 жумушчу… Кененирээк…

Кыргызстанда бүгүндөн тарта күндүн катуу ысышы күтүлүүдө

Кыргызстанда аномалдуу ысык жана кургак аба ырайы 28-июлга чейин созулат. Кыргызгидромет борборунан билдиришкендей, бүгүндөн тарта күндүн катуу ысышы күтүлүүдө. Аба ырайы өтө ысык болгон учурда күндөн сактануу эрежелерин кармануу сунушталат.

Төө-Ашуудагы тоннелде кайрадан чектөөлөр киргизилет

Бишкек-Ош жолундагы Төө-Ашуу тоннелинде унаалардын жүрүүсүнө бүгүнтөн тарта убактылуу чектөө киргизилет. Бул тууралуу “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасы маалымдады. Мунун себеби оңдоо-калыбына келтирүү иштерине байланыштуу. Бүгүн туннель эртең мененки саат 10дон 12ге чейин жана 2ден 4кө чейин жабылат. Ал эми эртеңден баштап 27-июлга чейин түнкү саат 11ден… Кененирээк…