Таласта кийим тиккен ири цех курулат

Таласта кийим тиккен ири цех курулат.

Шаардык муниципалдык менчик башкармалыгы учурда бул боюнча тендер жарыялады.

Мамлекеттик сатып алуулар порталында маалымдалгандай, пландалган сумма 83 миллион сомдон ашат.

Тендердик табыштамаларды берүүнүн акыркы мөөнөтү 5-август күнү эртең мененки саат 9да аяктайт.

Белгилеп кетсек, фабрика ишке берилсе 1000 жумушчу иш менен камсыз болот деп күтүлүүдө.