Ысыкка байланыштуу айдоочуларга алыскы сапарга чыкпай туруу сунушталат

Ысыкка байланыштуу айдоочуларга алыскы сапарга чыкпай туруу сунушталат.

Адистер билдиришкендей, ысыкта айдоочулар бат чарчап, ою чачыранды болуп, реакциясы кыйла начарлайт.

Милициянын кайгуул кызматы мунун баары кырсыктын ыктымалдуулугун жогорулатат деп эскертет.

Буга чейин маалымдалгандай, бүгүн, эртең жана бүрсүгүнү Кыргызстанда абанын табы 40 градустан жогору болот