Бүгүн колледждерге кабыл алуунун 1-турунун жыйынтыгы чыгарылат

Бүгүн колледждерге абитуриенттерди кабыл алуунун 1-турунун жыйынтыгы чыгарылат.

Билим берүү министрлигинен билдиришкендей, 2-тур 27-июлда, үчүнчү тур 12синен 19-августка чейин өткөрүлөт.

Документтерди электрондук түрдө кабыл алуу “Абитуриент Онлайн” автоматташтырылган маалыматтык тутумунда жүргүзүлөт.