Рублдин бекемделиши Россиядан Кыргызстанга импортту кыскартышы мүмкүн

Рублдин бекемделиши Россиядан Кыргызстанга импорттун кыскарышын шарттап, айрым товарларга баанын өсүшүнө алып келиши мүмкүн.

Бул тууралуу Евразия өнүктүрүү банкынын баяндамасында айтылды.

Серепчилердин айтымында, жыл башынан бери сом рублга карата 14 пайызга арзандады.

Ушундай эле жагдай ЕАЭБдин бардык өлкөлөрүндө байкалды: казак теңгеси рубльга карата 30 пайызга, армян драмы дээрлик 20, белорус рубли 40 пайызга түшүп кетти.