Бишкек-Кара-Балта унаа жолун ноябрга чейин бүткөрүү пландалууда

Бишкек-Кара-Балта унаа жолунун курулушун ушул жылдын ноябрына чейин бүткөрүү пландалууда. Бул тууралуу Унаа жана жолдор министри Эркинбек Осоев Бишкектеги маалымат жыйынында билдирди. Белгилеп кетсек, аталган жолду реконструкциялоо иши беш жылдан бери аягына чыга элек.

Кыргызстанга Түркиянын президенти келиши күтүлүүдө

Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган жыл аягына чейин Кыргызстанга сапары менен келет. Бул тууралуу Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев маалымат жыйын учурунда билдирди. Анын айтымында, расмий чакыруу жиберилген. “Бирок Түркиянын президентинин иш тартибинде бош убакыт аз болгондуктан, сапар жылдырылган”, — деди ал.

Россия Кыргызстанга грант катары 10 миллион доллар бөлөт

Россия Кыргызстанга грант катары 10 миллион доллар бөлөт. Бул тууралуу тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев билдирди. Анын айтымында, каражат бюджетти колдоого жумшалат. Министр белгилегендей, жардамдын биринчи бөлүгү 2022-жылдын күзүндө келет. Ошондой эле, жакын арада Кыргызстан Россиядан 8 миллион долларлык өрт-куткаруу техникаларын алат.

Бишкектин Маликов көчөсүндө оңдо иштери уланууда

Бишкек шаарынын Маликов көчөсүнүн М.Алыбаев көчөсүнөн Гагарин көчөсүнө чейинки бөлүгүн оңдоо иштери улантылууда. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматынан билдиришти. Оңдоо иштери «Бишкек шаарынын көчө-жол тармагын өнүктүрүү» долбоорунун (фаза-2) алкагында КЭР грантынын эсебинен жүргүзүлүүдө. Долбоор боюнча жолдун узундугу 1,1 чакырым, жүрүүчү бөлүктүн туурасы – 9… Кененирээк…

Чоң-Алайда памирлик кыргыздардын отурукташуусу үчүн 70 гектар жер бөлүндү

Ош облусунун Чоң-Алай районунда памирлик кыргыздардын отурукташуусу үчүн 70 гектар жер бөлүндү. Келерки жылы баштала турган курулушка мамлекеттен 300 миллион сом каралат, — деди Эмгек министри Кудайберген Базарбаев. Эске салсак, жакынкы 2-3 жылда Чоң-Алайга 1,5 миңге жакын памирлик кыргыздарды же 400 үй-бүлөнү көчүрүп келүү пландалууда.

Садыр Жапаров күзүндө бир катар араб өлкөлөрүнө иш сапары менен барат

Президент Садыр Жапаров күзүндө бир катар араб өлкөлөрүнө иш сапары менен барат. Бул тууралуу тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев билдирди. Анын айтымында, учурда макулдашуу жүрүүдө. “Президент БАЭ, Катар жана Бахрейн өлкөлөрүнө барууну пландап жатат”, — деди ал.

Кытайдын тышкы иштер министри Кыргызстанга келет

Кытай эл республикасынын тышкы иштер министри, Мамлекеттик кеңештин мүчөсү Ван И жакынкы күндөрү Кыргызстанга расмий сапары менен келет. Бул тууралуу Кытайдын Тышкы иштер министрлигине таянып «Азаттык» жазды. Анда Ван И Бишкекке Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин чакыруусу менен келатканы айтылган. Ван И 28-29-июлда… Кененирээк…

Быйыл унаа жолдорун оңдоого 7 млрд 580 млн сомдон ашык каралган

Быйыл унаа жолдорун оңдоого 7 миллиард 580 миллион сомдон ашык каралган. Бул тууралуу Унаа жана жолдор министри Эркинбек Осоев билдирди. Анын айтымында, алты айда жол тармагын каржылоонун жалпы суммасы 4 миллиард сомдон ашты. Анын ичинен учурдагы бюджет боюнча дээрлик 2 миллиард сом жол битумдарын сатып… Кененирээк…

Бишкекте төрт көчөнү бир тараптуу кылуу пландалууда

Бишкекте төрт көчөнү бир тараптуу кылуу пландалууда. Мэриянын маалыматына ылайык, Панфилов, Логвиненко көчөлөрү, Ашхабад көчөсүнүн Горькийден Кулатов көчөсүнө чейинки бөлүгү, Шопоков көчөсүнүн Чүй проспектисинен Киев көчөсүнө чейинки бөлүгүндө бир тараптуу кыймылды уюштуруу маселеси каралууда. Бул үчүн жеринде биргелешкен кеңешме уюштуруу чечими кабыл алынды.

Ошто күчү 2,5 баллга жеткен жер титирөө катталды

Ош облусунун аймагында жер титирөө катталды. Сейсмология институтунун маалыматы боюнча, жер титирөө 27-июлда болжол менен саат 06:41де катталып, очогунда күчү 2,5 баллга жеткен. Жер титирөө Кара-Суу районунун Лангар айылында 2 баллга чейин сезилген. Андан жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.