Быйыл унаа жолдорун оңдоого 7 миллиард 580 миллион сомдон ашык каралган.
Бул тууралуу Унаа жана жолдор министри Эркинбек Осоев билдирди.
Анын айтымында, алты айда жол тармагын каржылоонун жалпы суммасы 4 миллиард сомдон ашты.
Анын ичинен учурдагы бюджет боюнча дээрлик 2 миллиард сом жол битумдарын сатып алууга жумшалды, — деп айтылат маалыматта.