Ошто күчү 2,5 баллга жеткен жер титирөө катталды

Ош облусунун аймагында жер титирөө катталды.

Сейсмология институтунун маалыматы боюнча, жер титирөө 27-июлда болжол менен саат 06:41де катталып, очогунда күчү 2,5 баллга жеткен.

Жер титирөө Кара-Суу районунун Лангар айылында 2 баллга чейин сезилген.

Андан жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.