Кытай эл республикасынын тышкы иштер министри, Мамлекеттик кеңештин мүчөсү Ван И жакынкы күндөрү Кыргызстанга расмий сапары менен келет.
Бул тууралуу Кытайдын Тышкы иштер министрлигине таянып «Азаттык» жазды.
Анда Ван И Бишкекке Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин чакыруусу менен келатканы айтылган.
Ван И 28-29-июлда Өзбекстанда өтө турган Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлеринин кеңешинин кезектеги жыйынына катышары да маалымдалды.
Борбор Азияга сапарынын алкагында Ван И Өзбекстанга, Кыргызстанга жана Тажикстанга бул мамлекеттердин тышкы иштер министрлери Жээнбек Кулубаевдин, Владимир Норовдун жана Содрижидин Мухриддиндин чакыруусу менен расмий сапар жасамакчы.