Садыр Жапаров күзүндө бир катар араб өлкөлөрүнө иш сапары менен барат

Президент Садыр Жапаров күзүндө бир катар араб өлкөлөрүнө иш сапары менен барат.

Бул тууралуу тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев билдирди.

Анын айтымында, учурда макулдашуу жүрүүдө.

“Президент БАЭ, Катар жана Бахрейн өлкөлөрүнө барууну пландап жатат”, — деди ал.