Чоң-Алайда памирлик кыргыздардын отурукташуусу үчүн 70 гектар жер бөлүндү

Ош облусунун Чоң-Алай районунда памирлик кыргыздардын отурукташуусу үчүн 70 гектар жер бөлүндү.

Келерки жылы баштала турган курулушка мамлекеттен 300 миллион сом каралат, — деди Эмгек министри Кудайберген Базарбаев.

Эске салсак, жакынкы 2-3 жылда Чоң-Алайга 1,5 миңге жакын памирлик кыргыздарды же 400 үй-бүлөнү көчүрүп келүү пландалууда.