Бишкек шаарынын Маликов көчөсүнүн М.Алыбаев көчөсүнөн Гагарин көчөсүнө чейинки бөлүгүн оңдоо иштери улантылууда.
Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматынан билдиришти.
Оңдоо иштери «Бишкек шаарынын көчө-жол тармагын өнүктүрүү» долбоорунун (фаза-2) алкагында КЭР грантынын эсебинен жүргүзүлүүдө.
Долбоор боюнча жолдун узундугу 1,1 чакырым, жүрүүчү бөлүктүн туурасы – 9 метр, тратуардын туурасы – жолдун жүрүүчү бөлүгүнүн эки тарабында — 1,5 метр, ошондой эле жолдун эки тарабында ирригация орнотуу жүргүзүлөт.
«Аталган көчөнү долбоор боюнча реконструкциялоо линиясынын астында башка объектилер менен катар укук белгилөөчү документтери бар Маликов көчөсү, 53/1 дареги боюнча эки дүкөн бар. Бирок жолдун бекитилген долбоорун өзгөртүүгө мүмкүн эмес, жолдун жүрүүчү бөлүгүндө жол куруу иштери иш жүзүндө 90%га бүткөрүлдү». — деп айтылат маалыматта.
Мэриядан белгилешкендей, дүкөндөрдү бузуу КР мыйзамдарынын чегинде жүргүзүлөт.
Жер тилкелеринин ээлерине компенсация төлөп берүү боюнча эскертүүлөр берилди.