Россия Кыргызстанга грант катары 10 миллион доллар бөлөт.
Бул тууралуу тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев билдирди.
Анын айтымында, каражат бюджетти колдоого жумшалат.
Министр белгилегендей, жардамдын биринчи бөлүгү 2022-жылдын күзүндө келет.
Ошондой эле, жакын арада Кыргызстан Россиядан 8 миллион долларлык өрт-куткаруу техникаларын алат.