Бишкекте төрт көчөнү бир тараптуу кылуу пландалууда

Бишкекте төрт көчөнү бир тараптуу кылуу пландалууда.

Мэриянын маалыматына ылайык, Панфилов, Логвиненко көчөлөрү, Ашхабад көчөсүнүн Горькийден Кулатов көчөсүнө чейинки бөлүгү, Шопоков көчөсүнүн Чүй проспектисинен Киев көчөсүнө чейинки бөлүгүндө бир тараптуу кыймылды уюштуруу маселеси каралууда.

Бул үчүн жеринде биргелешкен кеңешме уюштуруу чечими кабыл алынды.