Түндүк-түштүк альтернативалык жолдун курулушу 2024-жылы жыйынтыкталат

Түндүк-түштүк альтернативалык жолдун курулушу 2024-жылы жыйынтыкталат. Бул тууралу Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришти. Ведомстводон эскертишкендей, трассаны куруу долбоору 3 этапка бөлүнгөн. Учурда экинчи жана үчүнчү фазанын алкагында иштер кызуу жүрүп жатат.   Долбоорду ишке ашыруунун жалпы баасы 860 миллион долларды түзөт. Кошумчалап кетсем, альтернативалык трассанын… Кененирээк…

Кумтөргө сырттан башкаруу токтотулду

Кумтөр кенинде тышкы башкаруу режими токтотулду. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон документте айтылат. Анын тексти “Кумтөр Голд Компани” ЖАКтын сайтында жарыяланды. Кошумчаласак, документте “Улуу көчмөндөрдүн мурасы” холдинги жана Теңиз Бөлтүрүк эки жуманын ичинде өкмөткө өз ишмердүүлүгү боюнча жыйынтыктоочу отчет бериши керектиги белгиленген.… Кененирээк…

Кара-Балтада дүкөндөн чыккан өрт чектөөгө алынды

Чүй облусунун Кара-Балта шаарында жайгашкан курулуш материалдарын саткан дүкөндөн чыккан өрт саат 10:40та чектөөгө алынды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, учурда өрттү толук өчүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Маалыматка караганда, 25-августта эртең мененки саат 9дан өтүп өрттү өчүрүүгө үч бөлүм тартылды.

Бишкек-Алматы-Бишкек багыты боюнча күн сайын автобус каттап баштайт

Бишкек-Алматы-Бишкек багыты боюнча 29-августтан тарта күн сайын автобус каттап баштайт. Казак басылмаларынын маалыматына караганда, каттамдар күнүнө 4 жолу аткарылат. Бир тарапка билеттин баасы 500 сом. Транспорт Бишкектин батыш автобекетинен чыгып, Алматынын Сайран вокзалына чейин барат.

Мамлекеттик чек аранын кыргыз-казак тилкесинде унаалардын тыгыны жок

Мамлекеттик чек аранын кыргыз-казак тилкесинде унаалардын тыгыны жок. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө өткөрүү пункттары штаттык режимде иштеп жатат. Белгилеп кетсек, соңку учурда кыргыз-казак чек арасынан жүк өткөрүүдө көйгөй жаралып келүүдө.

Бишкектин үч чоң кесилишинде акылдуу жол чырактар ​​орнотулушу күтүлүүдө

Бишкектин үч чоң кесилишинде акылдуу жол чырактар ​​орнотулат. Мэриянын маалыматына караганда, кеп Ахунбаев — Байтик Баатыр, 7-апрель — Чүй жана 7-апрель — Горький көчөлөрүнүн кесилиши тууралуу болуп жатат. “Акылдуу” жол чырактарды япониялык компания орнотушу күтүлүүдө.

Жалал-Абад шаарында массалык ишембилик өтөт

Жалал-Абад шаарында 27-августта массалык ишембилик өтөт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, ишембиликтин алкагында шаардагы эс алуу парктары, жолдор, менчигинин түрүнө карабай бардык мекеме-ишканалардын айланасы, сел арыктар жана тротуарлар тазаланат. Шаар бийлиги калаанын тазалыгы үчүн уюштурулган ишембиликке бардык жарандарды активдүү катышууга чакырат.

Ысык-Көлдө балык уулоочу синтетикалык торлор жок кылынды

Ысык-Көлдө балык уулоочу синтетикалык торлор жок кылынды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Түп районунун Маяк айылынан Жети-Өгүз районунун Боз-Бешик айылына чейинки жана Ысык-Көл районунун Орто-Өрүктү, Чоң-Өрүктү айылдарынын аймактарында балык корлоруна зыян алып келип жаткан жалпы… Кененирээк…

Жалал-Абад шаардык кеңешинин төрагасынын орун басарлары алмашты

Жалал-Абад шаардык кеңешинин төрагасынын орун басарлары алмашты. Жергиликтүү мэриядан билдиришкендей, төраганын орун басарлары болуп буга чейин шаардык кеңештин депутаты катары иштеп келген Айзат Раматиллаева жана Автандил Дүйшеев шайланды. Ал эми буга чейин шаардык кеңештин төрагасынын орун басары болуп иштеп келген Буниса Мамадалиева менен Исакжан Умарахунов өз… Кененирээк…

Уйкунун жетишсиздиги адамдын ден соолугу үчүн гана терс таасирин тийгизбейт

Уйкунун жетишсиздиги адамдардын ден соолугуна гана эмес, алардын социалдык аракеттенүүсүнө да терс таасирин тийгизет. Мындай тыянакка Калифорния университетинин окумуштуулары келишти. Изилдөө уйкунун жетишсиздиги социалдык өз ара аракеттенүү үчүн жооптуу нейрондордун функциясын жана бири-бирин түшүнүү жөндөмүн начарлатаарын аныктаган. Мындан тышкары, адамдын уйкусунун сапаты канчалык төмөн болсо,… Кененирээк…