Жалал-Абад шаардык кеңешинин төрагасынын орун басарлары алмашты

Жалал-Абад шаардык кеңешинин төрагасынын орун басарлары алмашты.

Жергиликтүү мэриядан билдиришкендей, төраганын орун басарлары болуп буга чейин шаардык кеңештин депутаты катары иштеп келген Айзат Раматиллаева жана Автандил Дүйшеев шайланды.

Ал эми буга чейин шаардык кеңештин төрагасынын орун басары болуп иштеп келген Буниса Мамадалиева менен Исакжан Умарахунов өз каалоосу менен кызмат ордун тапшырды.