Жети облустагы мектеп директорлугуна жарыяланган сынактын жеңүүчүлөрү аныкталды

Жети облустагы мектеп директорлугуна жарыяланган сынактын жеңүүчүлөрү аныкталды. Билим берүү министрлигинен такташкандай, ошондой эле директор кызматы бош орун болгон мектептердин тизмеси аныкталды. Маалыматка ылайык, ваканттык орундарга кайрадан конкурс өткөрүлөт. Бул боюнча кошумча маалымат берилет. Ал эми мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин бош… Кененирээк…

Кыргызстанда Евразия өкмөттөр аралык кеңештин жыйыны болот

Бүгүн Кыргызстанда Евразия өкмөттөр аралык кеңештин жыйыны жана КМШ, ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жаштарынын форуму болот. Евразия экономикалык комиссиясынын расмий сайтына жарыяланган маалыматка караганда, жаштар форумуна 250дөй делегат катышат. Жаш активисттер, мамлекеттик кызматкерлер жана дипломаттардын башын бириктирген форум биримдиктин жана КМШ өлкөлөрүнүн жаштарынын өз ара аракеттенүү процесстерин… Кененирээк…

Бишкек мэриясы Көк-Жар конушуна көп кабаттуу үй курат

Бишкек мэриясы Көк-Жар конушуна көп кабаттуу үй курат. Муниципиалитеттин алдындагы капиталдык курулуш башкармалыгы 72 батирлүү турак үй курууга тендер жарыялады. Мамлекеттик сатып алуулар порталынын маалыматына ылайык, тогуз кабаттуу объектини Көк-Жар конушундагы Молдокулов көчөсүнө куруу пландалууда. Курулуштун пландалып жаткан суммасы 156 миллион 900 миң сомго жакын.

Бүгүн Ысык-Көлдө айрым жолдор убактылуу жабылат

Бүгүн Ысык-Көлдө айрым жолдор убактылуу жабылат. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти. Эске салсак, 25-26-августта Чолпон-Атада Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйыны, КМШ жана ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жаштар форуму өтөт. Ага Евразия экономикалык биримдигине мүчө өлкөлөрдүн өкмөт башчылары менен байкоочу мамлекеттердин өкүлдөрү келет.… Кененирээк…

ЕЭК коллегиясынын төрагасы Михаил Мясникович Чолпон-Атага келди

Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын төрагасы Михаил Мясникович башында турган делегация Чолпон-Ата шаарына келди. Бул тууралуу ЕЭКтин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Мясникович 25-26-августта Чолпон-Ата шаарында өтө турган Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына катышат. Мындан тышкары, Чолпон-Атада КМШ жана ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жаштарынын форуму өтөт.… Кененирээк…

Өлкө аймагындагы 1 миң 800 бала “Алтын балалык” комплексинде эс алып келишти

Быйыл өлкө аймагындагы 1 миң 800 бала Ысык-Көлдөгү “Алтын балалык” ден соолукту чыңдоочу-реабилитациялык комплексинде эс алып келишти. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине аталган борбордон билдиришти. Жыл башынан бери көлгө Кыргызстан боюнча мигранттардын, аз камсыз үй-бүлөлөрдүн, дарыгерлердин, майыптыгы бар жана ата-энесинен ажыраган балдар барышты. Эске салсак, Чолпон-Атада… Кененирээк…

Президенттердин макамына байланыштуу мыйзамга өзгөртүү киргизүү сунушталууда

Кыргызстанда президенттердин макамына байланыштуу мыйзамга өзгөртүү киргизүү сунушталууда. Ага ылайык, экс-президенттерге берилген бир катар жеңилдиктерди алып салуу каралып жатат. Алсак, мурдагы мамлекет башчыларды мамлекеттин эсебинен багууну токтотуу, жансакчы алып жүрүү жана башка коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрдүн акысын өз эсебинен төлөтүү сунушу бар. Мындан тышкары жаңы президент… Кененирээк…

Бишкекте мектеп директорлугуна сынак 30-августта өтөт

Бишкекте мектеп директорлугуна сынак 30-августта өтөт. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, ордо калаа боюнча жалпы 62 бош орун бар. Талапкерлердин документтерин кабыл алуу 26-августта аяктайт. Эске салсак, президенттин жарлыгына ылайык, жаңы окуу жылынын башталышына чейин 966 мектепте директорлор алмашышы… Кененирээк…