Чүй облусунун Кара-Балта шаарында жайгашкан курулуш материалдарын саткан дүкөндөн чыккан өрт саат 10:40та чектөөгө алынды.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, учурда өрттү толук өчүрүү иштери жүргүзүлүүдө.
Маалыматка караганда, 25-августта эртең мененки саат 9дан өтүп өрттү өчүрүүгө үч бөлүм тартылды.