Жалал-Абад шаарында массалык ишембилик өтөт

Жалал-Абад шаарында 27-августта массалык ишембилик өтөт.

Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ишембиликтин алкагында шаардагы эс алуу парктары, жолдор, менчигинин түрүнө карабай бардык мекеме-ишканалардын айланасы, сел арыктар жана тротуарлар тазаланат.

Шаар бийлиги калаанын тазалыгы үчүн уюштурулган ишембиликке бардык жарандарды активдүү катышууга чакырат.