Мамлекеттик чек аранын кыргыз-казак тилкесинде унаалардын тыгыны жок

Мамлекеттик чек аранын кыргыз-казак тилкесинде унаалардын тыгыны жок.

Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө өткөрүү пункттары штаттык режимде иштеп жатат.

Белгилеп кетсек, соңку учурда кыргыз-казак чек арасынан жүк өткөрүүдө көйгөй жаралып келүүдө.