Кумтөргө сырттан башкаруу токтотулду

Кумтөр кенинде тышкы башкаруу режими токтотулду.

Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон документте айтылат.

Анын тексти “Кумтөр Голд Компани” ЖАКтын сайтында жарыяланды.

Кошумчаласак, документте “Улуу көчмөндөрдүн мурасы” холдинги жана Теңиз Бөлтүрүк эки жуманын ичинде өкмөткө өз ишмердүүлүгү боюнча жыйынтыктоочу отчет бериши керектиги белгиленген.