Уйкунун жетишсиздиги адамдын ден соолугу үчүн гана терс таасирин тийгизбейт

Уйкунун жетишсиздиги адамдардын ден соолугуна гана эмес, алардын социалдык аракеттенүүсүнө да терс таасирин тийгизет.

Мындай тыянакка Калифорния университетинин окумуштуулары келишти.

Изилдөө уйкунун жетишсиздиги социалдык өз ара аракеттенүү үчүн жооптуу нейрондордун функциясын жана бири-бирин түшүнүү жөндөмүн начарлатаарын аныктаган.

Мындан тышкары, адамдын уйкусунун сапаты канчалык төмөн болсо, эртеси күнү кызматташууга ошончолук алсыз болоору аныкталды.