Бишкекте мектеп директорлугуна сынак 30-августта өтөт.
Бул тууралуу Билим берүү министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, ордо калаа боюнча жалпы 62 бош орун бар.
Талапкерлердин документтерин кабыл алуу 26-августта аяктайт.
Эске салсак, президенттин жарлыгына ылайык, жаңы окуу жылынын башталышына чейин 966 мектепте директорлор алмашышы керек, анткени алардын иштегенине беш жылдан ашты.