Өлкө аймагындагы 1 миң 800 бала “Алтын балалык” комплексинде эс алып келишти

Быйыл өлкө аймагындагы 1 миң 800 бала Ысык-Көлдөгү “Алтын балалык” ден соолукту чыңдоочу-реабилитациялык комплексинде эс алып келишти.

Бул тууралуу “Кабар” агенттигине аталган борбордон билдиришти.

Жыл башынан бери көлгө Кыргызстан боюнча мигранттардын, аз камсыз үй-бүлөлөрдүн, дарыгерлердин, майыптыгы бар жана ата-энесинен ажыраган балдар барышты.

Эске салсак, Чолпон-Атада 17 жылдан кийин 1-июнда “Алтын балалык” реабилитациялык борбору иштей баштаган.

Борбордо ортопедиялык, кардиологиялык, аллергологиялык, пульмонологиялык, хирургиялык жана неврологиялык оорулары бар балдарга реабилитациялык жардамды камтыган балдардын соматика бөлүмү жайгашкан.

Эхокардиограф, операциялык жана реанимация бөлмөсү менен жабдылган кардиохирургиялык борбор иштейт.