Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын төрагасы Михаил Мясникович башында турган делегация Чолпон-Ата шаарына келди.
Бул тууралуу ЕЭКтин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Мясникович 25-26-августта Чолпон-Ата шаарында өтө турган Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына катышат.
Мындан тышкары, Чолпон-Атада КМШ жана ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жаштарынын форуму өтөт.
Ага ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өкмөт башчылары менен байкоочу өлкөлөрдүн өкүлдөрү келет.