Кыргызстанда Евразия өкмөттөр аралык кеңештин жыйыны болот

Бүгүн Кыргызстанда Евразия өкмөттөр аралык кеңештин жыйыны жана КМШ, ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жаштарынын форуму болот.

Евразия экономикалык комиссиясынын расмий сайтына жарыяланган маалыматка караганда, жаштар форумуна 250дөй делегат катышат.

Жаш активисттер, мамлекеттик кызматкерлер жана дипломаттардын башын бириктирген форум биримдиктин жана КМШ өлкөлөрүнүн жаштарынын өз ара аракеттенүү процесстерин кеңейтүүгө, жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө багытталган.

Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйыны 25-26-августта Чолпон-Атада өтөт.

Быйыл Кыргызстан Жогорку Евразиялык экономикалык кеңешине, Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешине жана Евразиялык экономикалык комиссиянын кеңешине төрагалык кылып жатат.