Президенттердин макамына байланыштуу мыйзамга өзгөртүү киргизүү сунушталууда

Кыргызстанда президенттердин макамына байланыштуу мыйзамга өзгөртүү киргизүү сунушталууда.

Ага ылайык, экс-президенттерге берилген бир катар жеңилдиктерди алып салуу каралып жатат.

Алсак, мурдагы мамлекет башчыларды мамлекеттин эсебинен багууну токтотуу, жансакчы алып жүрүү жана башка коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрдүн акысын өз эсебинен төлөтүү сунушу бар.

Мындан тышкары жаңы президент шайланып келгенден кийин бир айдын ичинде экс-президент мамлекеттик резиденциядан чыгып кетиши керек.

Мамлекеттин мүлкүн жана бюджет каражатын рационалдуу пайдаланууга багытталган мыйзам долбоору учурда коомдук талкууда.