Бишкек мэриясы Көк-Жар конушуна көп кабаттуу үй курат

Бишкек мэриясы Көк-Жар конушуна көп кабаттуу үй курат.

Муниципиалитеттин алдындагы капиталдык курулуш башкармалыгы 72 батирлүү турак үй курууга тендер жарыялады.

Мамлекеттик сатып алуулар порталынын маалыматына ылайык, тогуз кабаттуу объектини Көк-Жар конушундагы Молдокулов көчөсүнө куруу пландалууда.

Курулуштун пландалып жаткан суммасы 156 миллион 900 миң сомго жакын.