Бүгүн Ысык-Көлдө айрым жолдор убактылуу жабылат

Бүгүн Ысык-Көлдө айрым жолдор убактылуу жабылат.

Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Эске салсак, 25-26-августта Чолпон-Атада Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйыны, КМШ жана ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жаштар форуму өтөт.

Ага Евразия экономикалык биримдигине мүчө өлкөлөрдүн өкмөт башчылары менен байкоочу мамлекеттердин өкүлдөрү келет.

Буга байланыштуу Тамчыдагы аэропорттон Чолпон-Ата шаарына жана Чолпон-Атадан Кырчынга чейинки жол эки күнгө жабык болот.

Ал эми жол жээгинде калган унаалар эвакуацияланат.