Бүгүн Чолпон-Атада Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйыны өтөт

Бүгүн Чолпон-Атада Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйыны өтөт. Ага катышуу үчүн Кыргызстанга Азербайжан, Армения, Беларус, Казакстан жана Россиянын премьер-министрлери келишти. Анда интеграциялык биримдик алкагындагы талылуу маселелер каралып, бир катар документтерге кол коюлары күтүлүүдө. ЕАЭБ өкмөт башчыларынын кезектеги жыйынынын алкагындагы расмий иш-чаралар 25-августта башталган. Белгилеп… Кененирээк…

Аймактар үчүн жеңилдетилген ипотекага квота киргизилүүдө

Кыргызстандын аймактары үчүн жеңилдетилген ипотекага квота киргизилүүдө. Мамлекеттик ипотекалык компаниянын маалыматына ылайык, “Жеңилдетилген ипотека” багыты боюнча турак жай программасына катышуучулардын жалпы тизмесинен аймактарга өзүнчө артыкчылык берилет. Ал азыркы тизме боюнча аныкталат. Банктарда каржылоо үчүн электрондук кезекке арыздары кабыл алынган турак жай программасынын катышуучулары өздөрүн ипотекалык… Кененирээк…

Соттолбогондугу тууралуу маалымкатты үйдөн чыкпастан акысыз алууга болот

Соттолбогондугу тууралуу маалымкатты үйдөн чыкпастан акысыз алууга болот. Бул тууралуу “Түндүк” электрондук өз ара аракеттенүү борборунан билдиришти. Эми соттолбогондугу тууралуу маалымкат алуу үчүн ички иштер органдарына арыз берүүгө жана аны алууга эки жолу барып, убара болуунун кажети жок. “Электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталы аркылуу 7… Кененирээк…

Жогорку Кеңеш бир жумадан кийин ишин улантат

1-сентябрда VII чакырылыштагы Жогорку Кеңештин кезектеги сессиясы ачылып, парламент жайкы эс алуудан кийин ишин баштайт. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы маалымдады. Эске салсак, жетинчи чакырылыштагы Жогорку Кеңештин биринчи сессиясы ишин 30-июнда аяктаган.

Бишкекте эгемендүүлүк күнүнө карата веложүрүш өтөт

Бишкек шаарында 28-августта Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 31 жылдыгына карата веложүрүш өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, иш-чара Маданият министрлиги тарабынан президенттин администрациясынын колдоосунда Бишкек шаарынын мэриясы, «Вело friends позитив kg» коомдук бирикмеси, «Алтын дөңгөлөк» велоклубу, БУУнун Өнүктүрүү программасы, «Тынчтык… Кененирээк…