Жогорку Кеңеш бир жумадан кийин ишин улантат

1-сентябрда VII чакырылыштагы Жогорку Кеңештин кезектеги сессиясы ачылып, парламент жайкы эс алуудан кийин ишин баштайт.

Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы маалымдады.

Эске салсак, жетинчи чакырылыштагы Жогорку Кеңештин биринчи сессиясы ишин 30-июнда аяктаган.