Бишкек – Балыкчы жүргүнчү поезди 1-сентябрда ишин токтотот

Бишкек – Балыкчы жүргүнчү поезди 1-сентябрда ишин токтотот. Бул тууралуу “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынан билдиришти. Андан эске салышкандай, курам 31-августка чейин күн сайын жүрөт.   Бул жайкы туристтик сезонго байланыштуу. Бишкек- Балыкчы каттамы боюнча жүргүнчү ташуучу поезд ишин кийинки жылы жайында жандантатат.

Чет элдик жарандарга “Санарип көчмөн” макамын берүү долбоору башталды

Чет элдик жарандарга “Санарип көчмөн” макамын берүү долбоору башталды. Тиешелүү токтом министрлер кабинетинде кабыл алынды.   Экономика жана коммерция министрлигинин маалыматына караганда, “Санариптик көчмөн» макамы Кыргызстандын аймагына жашаган жери боюнча каттоосу жок, иштөөгө уруксаты жок визасыз кирүүгө жана жүрүүгө мүмкүнчүлүк берет.   Ошондой эле жеке… Кененирээк…

Кыргызстанда сентябрда ири рейддер жүргүзүлүп баштайт

Кыргызстанда сентябрда ири рейддер жүргүзүлүп баштайт. Мамлекеттик салык кызматынын маалыматына ылайык, инспекторлор транспорт жана турак-жайга, жер тилкесине салык төлөбөгөн жарандарды аныктайт.   Эске салсак, аталган категорияларга салыкты 1-сентябрга чейин төлөө керек. Кечиккендерге айып салынат – физикалык жактарга 1 миң сомдон, ал эми юридикалык жактарга 5… Кененирээк…

Билим берүү министрлигинен окуу жылын 1-сентябрда баштоо чечимин түшүндүрүштү

Билим берүү министрлигинен окуу жылын 1-сентябрда баштоо чечимин түшүндүрүштү. Анда ведомство жетекчисинин орун басары Уланбек Мамбетакуновдун сөзүн уксак.   “Жергиликтүү калктын суроолору боюнча, биз окуу жылын  1-сентябрда баштап, 25-майда акыркы коңгуроо менен салтанаттуу аяктайбыз. Бир жылдык практикабыз көрсөткөндөй, жайкысын күн ысып кетип атат, окуучулар окуу… Кененирээк…

Бишкек троллейбустары жаңы окуу жылына карата иретке келтирилүүдө

Бишкек троллейбустары жаңы окуу жылына карата иретке келтирилүүдө. Башкаруучу компанияларга люктарды жана эшиктерди оңдоо, сынган терезелерди алмаштыруу жана салондорду дезинфекциялоо тапшырмасы берилди. 1-сентябрга карата троллейбустар улуттук оюм-чийим менен кооздолуп, ар бир транспортто аялдамаларды эки тилде – кыргыз жана орусча жарыялоочу аппараттар ишке киргизилет. Бүгүнкү күндө… Кененирээк…

Жалал-Абад жана Ош облустарында жумушсуздук күч

Кыргызстанда 1-августка карата 76 миңден ашык адам расмий түрдө жумушсуз. Мындай маалыматты Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти. Ведомстводон белгилүү болгондой, жумушсуздардын көбү Жалал-Абад  жана Ош облустарында катталган.

Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги отуруму Арменияда өтөт

Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги отуруму Арменияда өтөт. Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын төрагасы Михаил Мясникович билдиргендей, жыйын 20-21-октябрда болот. Эске салсак, бүгүн Чолпон-Атада Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйыны болду. Ага катышуу үчүн Кыргызстанга Азербайжан, Армения, Беларус, Казакстан жана Россиянын премьер-министрлери келишкен. Анда интеграциялык биримдик… Кененирээк…

Бишкекте эгемендүүлүк күнүнө арналган жаңы дубал сүрөтү пайда болду

Бишкекте эгемендүүлүк күнүнө арналган жаңы дубал сүрөтү пайда болду. Ал Фрунзе жана Осмонкулов көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашты. Дубал сүрөтүн жаратуучулардын билдирүүсүнө караганда, мурал Кыргызстандын Көз карандысыздыгынын күнүнө арналган. Граффитиде улуттук кийим кийген кыздын сүрөтү чагылдырылган.

Түркия IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүгө даярдыгын жарыялады

Түркия IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүгө даярдыгын жарыялады. Промо-роликти Оюндардын социалдык тармактардагы расмий баракчаларынан көрүүгө болот. Видеодо спорттун үзүндүлөрү, ошондой эле көчмөн элдердин өзгөчөлүктөрү камтылган. Мындан тышкары, маданий жана спорттук иш-чаралар өтө турган аймак көрсөтүлөт. Эске салсак, быйыл Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 29-сентябрдан 2-октябрга чейин Стамбулдан… Кененирээк…

ЕАЭБ жыйынында Кыргызстан биримдиктеги тоскоолдуктарды атады

Чолпон-Ата шаарында Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйыны өтүп жатат. Кеңири форматтагы жыйындын башында сүйлөгөн Кыргызстандын өкмөт башчысы Акылбек Жапаров биримдикте товарларды, жумушчу күчүн жана капиталды эркин жүгүртүүдө тоскоолдуктар болуп жатканын жана аны чечүүнүн механизмдерин иштеп чыгуу зарылдыгын белгиледи. Быйыл Кыргызстан Жогорку Евразиялык экономикалык кеңешке,… Кененирээк…